Кадыр Досоновдун кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды
2309
УКМКнын кызматкерлери кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүн кармашты. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.
Белгиленгендей, буга чейин 283-берененин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын жүрүшүндө Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү - Ош облусунун Ноокат районунун тургундары 1980-жылы туулган М.Г.К. жана анын жакын адамы 1973-жылы туулган Т.Т.О. кармалды.
slide 2 of 3
Азыркы учурда М.Г.К. Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/14539