Адахан Мадумаровдун тарапташы убактылуу кармоочу жайга камалды
RU

Адахан Мадумаровдун тарапташы убактылуу кармоочу жайга камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Адахан Мадумаровдун тарапташы жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу 20-октябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, Замирбек Шамшидин уулу "Массалык баш аламандык" беренеси боюнча айыпталууда.

Мурдараак маалымдалгандай, Замирбек Шамшидин уулу Адахан Мадумаровго колдоо көрсөтүү үчүн Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын имаратына келгенде белгисиз бирөөлөр алып кетишкен.

Эске сала кетсек, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда камакка алынган. Ага 2009-жылдагы протоколго ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекетке чыккынчылык" беренеси боюнча айып тагылган. Сот депутатты эки айга камакта калтырды.

Башкы беттеги сүрөт Замирбек Шамшидин уулунун жеке баракчасынан алынган

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14548