Дайырбек Орунбеков: Айбек Жунушалиев ИИМде күбө катары сурак берип жатат
RU

Дайырбек Орунбеков: Айбек Жунушалиев ИИМде күбө катары сурак берип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айбек Жунушалиев чет элдик инвесторлордон акча талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары ИИМдин тергөө кызматында. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Эскерте кетсек, ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 25-сентябрда Кыргызстандын 3 жараны чет элдик инвестордон 200 миң доллар талап кылган деген малымат таратты. Анда Т. Н. (Төлөнбай Нурбаев) жогорку кызматтагы байланыштарына таянып, баласы жана Фазиль аттуу жаран менен президенттин администрациясынын имаратын куруп жаткан 3 жумушчуну коркутуп, чет элдик инвесторго каршы арыз жазууга мажбурлаган. Анда инвестор жумушчулардын ар биринен 150 миң сом акча каражатын алган деп айтылган.

Буга ылайык, Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айбек Жунушалиев Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканы айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14549