Ырчы Нурайым Акылбекованын концертине барган Биржан Байболду залдан чыгарып салышты
RU

Ырчы Нурайым Акылбекованын концертине барган Биржан Байболду залдан чыгарып салышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Нурайым Акылбекованын жеке концертине казак ырчысы Биржан Байболду киргизбей коюшту. Тиешелүү видео социалдык тармактарга тарап, талкууланып жатат.

Видеодон көрүнгөндөй, концертке Биржан Байбол кучак толо гүл алып, ак элечек кийген апа менен барган. Бирок күзөт кызматкерлери залга казак ырчысын киргизбей, чыгарып салышкан.

Жаш ырчы Нурайым Акылбекова 25-сентябрда улуттук филармонияда жеке концертинин биринчи күнүн өткөрдү. Бүгүн, 26-сентябрда концерт уланат.

Белгилесек, Нурайым Акылбекова казакстандык Биржан Байбол аттуу ырчы менен дуэт аткарып иштешип башташкан. Бирок алардын кызматташуусу көпкө узабай токтоп калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14551