Кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт. Ок атылып, бир жаран көзүнөн жаракат алды
RU

Кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт. Ок атылып, бир жаран көзүнөн жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасында 30-жаштагы эркек кишинин көзүнө ок атылды. Бул тууралуу Баткен облусунун ИИБси билдирди.

Белгилүү болгондой, 29-апрель күнү, болжол менен саат 05:45те Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында Тажикстан тараптан Кыргызстанды көздөй ок атыла баштаган.

Ошол эле учурда тажикстандыктар алардын айылы аркылуу өтүүчү жолдон кетип бараткан кыргыз унааларын таш баранга алышкан. КРдин жазык кодексинин "Бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Аскер кызматкерлеринин ок атуусунун айынан Көк-Таш айылынын бир тургуну көзүнөн жаракат алды. Бул факт боюнча да "Кишинин өмүрүнө кол салуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда Көк-Таш айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1455