Премьер-министр Улукбек Марипов ЕРӨБ аймактык директору Нил Маккейн менен жолугушту
RU

Премьер-министр Улукбек Марипов ЕРӨБ аймактык директору Нил Маккейн менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) аймактык директору Нил Маккейн менен эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Белгилүу болгондой, өкмөт башчы финансы институтуна республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирип, ар-бир ишке ашырылып жаткан долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Кыргыз Республикасынын Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен эки тараптуу кызматташуусу орногон учурдан тарта биргелешип иш алып баруудагы оңдуу тажрыйбасы бар. Банктын учурдагы портфели абдан көлөмдүү, анын суммасы – 330 млн АКШ долларынан ашуун жана 44 долбоор ишке ашырылууда. Биз үчүн сиздер тараптан атамекендик ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан колдооңуздар баалуу. Бул биздин кызматташтыгыбыздын чеги болуп саналбайт. Биргелешкен күч-аракет аркылуу биз сиздердин мүмкүнчүлүгүңүздөрдү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономикалык абалды турукташтырууга багытталган программаларын интеграциялай алабыз", - деди Премьер-министр.

Нил Маккейн өз кезегинде банктын иши жана артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде реформаларды жүргүзүүдө көмөк көрсөтүүсү тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар шаарлардагы транспорт жана жол инфраструктурасы тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, суу менен камсыздоо жана ирригация тутумдарын реабилитациялоо маселесин талкуулады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1456