Баткен облусунун бир нече айылында өзгөчө абал киргизилди
RU

Баткен облусунун бир нече айылында өзгөчө абал киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтке байланыштуу Баткен облусундагы үч айылдын тургундары эвакуацияланып жатат. Бул тууралуу күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 28-апрелден тартып Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айылдарында өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү тургундар эвакуацияланууда.

Эске салсак, 28-апрелде Ак-Суу дарыясынын жээгинде, болжолдуу чек ара чийининен 3-4 метр аралыкта Тажикстандын жарандары шагыл жүктөп кетүү аракетин көрүшкөн. Кыргызстандын чек арачылары эки айыл өкмөтүнүн жетекчилери бул маселе боюнча бир пикирге келмейин ишти токтотуп туруусун айтышкан. "Бирок, Тажикстандын жарандары кыргыз чек арачылардын айткандарына көңүл бурбастан, ишин уланта беришкен. Кыргызстандын чек арачылары курал колдонобуз деп эскерткенден кийин гана коңшу өлкөнүн жарандары ишин токтотушкан", - деп кыргызстандык чек арачылар билдиришти.

Кийин "Головной водораздел" аймагына Тажик тарап Электр энергиясын өткөрүүчү зымдарды кармап турган столбаларга көзөмөлдөө камераларын орното баштаган. Ал учурда УКМКнын Чек ара кызматы жана Баткен облусу боюнча ИИБ бөлүмүнүн кызматкерлери келип, видеокамераларды орнотуу иштерин токтотууну талап кылышкан.

"Болжол менен, күндүзгү саат 12:25те Тажикстандын Ходжаи Аъло айылында мылтыктан ок атылган", - деп УКМКнын Чек ара кызматы берген маалыматта айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1458