Көлбаевдин кылмыштуу тобунун эки мүчөсү ишкерден "по братски" акча опузлаган
RU

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун эки мүчөсү ишкерден "по братски" акча опузлаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримавторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Токмоктун тургунун коркутуп, 2500 доллар талап кылган. УКМКнын кызматкерлери опузалап акча талап кылгандарды колго түшүрдү.

Такталгандай, опузалап акча талап кылуу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мыйзамдагы ууру К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү И.Дж. жана В.Ш. кармалды. Алар Токмок шаарынын тургунунан физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу жолу менен 2500 долларын талап кылышкан.

26-сентябрда 210 миң сом акча каражатын алуу учурунда И.Дж. жана В.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда коопсуздук комитети тарабынан бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14592