Мурда мугалим болуп иштеген жаран алдамчылыкка шектелди
RU

Мурда мугалим болуп иштеген жаран алдамчылыкка шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурда мугалим болуп иштеген жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Айтылгандай, август айында Ленин РИИБине шаар тургуну кайрылып, унаасын алдоо жолу менен ээлеп алган тааныш адамга чара көрүүнү суранган. Июль айынын орто ченинде белгилүү бир "унаа баалоочу" ага кайрылып, ишенимине кирип, алдамчылык менен 20 миң долларлык "Киа Спортейдж" унаасын ээлеп алган. Бирок ал унааны үчүнчү жактарга (16 миң долларга) кайра сатып, изин жашырып кеткени белгилүү болгон.

Бул факты боюнча 209-берене "Алдамчылык" менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө билим берүү мекемелеринин биринде мурда окутуучу, мугалим болуп иштеген Б.Б. кармалды. Соттун чечими менен кармалган адам эки айга камакка алынды.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Жогорудагы адамдын алдамчылык аракеттеринен жабыркагандар болсо ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына 0700171732, 0555011717 телефон номерлери аркылуу кайрылса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14597