Жалал-Абадда интимдик кызмат көрсөткөн көмүскө жай аныкталды. Видео
RU

Жалал-Абадда интимдик кызмат көрсөткөн көмүскө жай аныкталды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери интимдик кызмат көрсөткөн көмүскө жайды аныктады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милицияга облус аймагында кыздарды сексуалдык мүнөздөгү интимдик кызмат көрсөтүү жана сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп жүргөн жаран боюнча ыкчам маалымат түшкөн.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

27-сентябрь күнү Спутник кичи шаарчасында тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Контролдук сатып алуу атайын тергөө аракеттеринин натыйжасында белгиленип берилген акча каражаттары, интимдик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акчалар, эсеп кылган дептер жана презервативдер алынган. Ошондой эле интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн кыздар, сутенер болуп иштеген администраторлор кармалып, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. Алардын ичинен 3 жаран Өзбекстан Республикасынан келип, сойкулук менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.

Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14608