Комузчу Азиз Батыров кызмат ордунан көтөрүлдү
RU

Комузчу Азиз Батыров кызмат ордунан көтөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Комузчу, дастанчы Азиз Батыров И.Арабаев атындагы КМУнун Маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ырчы менен кабарлашканыбызда белгилүү болду.

Азиз Батыров аталган университеттеги ишин катардагы мугалимден баштаган.

"Окуу жайдын искусство жана дизайн факультетинде 6 жыл катардагы мугалим, андан кийин декандын орун басары болуп иштедим. Быйыл университеттин Маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси болуп дайындалдым. Буюрса, анча-мынча бут тосууларга, тоскоолдуктарга ак эмгегим менен жооп кылам. Дагы да күчтөнөм, талыкпай иштей берем", - деди дастанчы.

Эскерте кетсек, Азиз Батыров "Алтын үн" наамынын ээми, маданияттын мыкты кызматкери. Эл аралык кароолордо Кыргызстандын желегин желбиретип келет. Андан сырткары "Ынтымак" тобун жетектеп, жаш шакирттерди тарбиялайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14618