"Бир көзүмө протез салынат". Көрүүсүнөн ажыраган чек арачынын маеги
RU

"Бир көзүмө протез салынат". Көрүүсүнөн ажыраган чек арачынын маеги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам эки көзүнөн жаракат алган жоокер Элдияр Төлөнов бүгүнкү күндө көрүүсүнөн дээрлик ажыраган. Ал узаган аптада, тактап айтканда, сентябрь айынын аягында Москвага барып кайтты. Алдыда канча операция болорун билбейм деген чек арачы Kaktus.kg менен маектешип, жашоосу тууралуу кеп кылды.

Каарманыбыз алгач акыркы жаңылыгы менен бөлүшүп, Жаңы жылдан кийин оң көзүнө операция жасаларын айтты.

- Москвадагы көз оорулар клиникасына барып келдик. Офтальмолог менен профессор көзүмдү текшерип, азырынча операция кылбай туралы, өзгөрүү болуп жатат дешти. Жаңы жылга чейин байкоо болот, андан кийин чоң операция жасалат. Ага 1 млн рублдун тегерегинде каражат керек экен. Оң көзүмдүн операциясы бүткөндөн кийин сол көзгө өтөбүз, тагыраагы, протез эле салынат.

Элдияр Төлөнов 2022-жылы 16-сентябрда Баткенде кызматта эле. Ошондо заставага миномёттун снаряды түшүп жарылганда аскер эки көзү жана денесинен жаракат алган. Ошол эле күнү Баткендеги ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин Бишкектеги Улуттук хирургия борборуна жеткирилген. Андан кийинки саламаттыгы, дарылануусу боюнча аскер буларга токтолду.

- Дарыгерлер көздөрүмдү көргөндө эле "эч кандай үмүт калбаптыр" дешкен. Ал эми оң көздүн көрүүсүн 9-10 пайыз сактап калганга мүмкүн экенин айтышкан. Биринчи операция түрктөрдүн клиникасында болду. Андан кийин дагы операциялар болуп, көзүмдүн көрүүсү жакшырып баштаган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра начарлап кетти. Анан Түркия, Москвада операциялар жасалды. Азыр көрүүнү эмес оң көздүн өзүн эле сактап калуу аракетиндебиз. Ал эми сол көзүмдү таптакыр болбойт дешкен. Азыркы абалым - өз алдынча баса албайм, жарыктар эле билинет. Кыскасы, көзүмдүн көрүүсү жок болуп калды. Сол көздүн көрүүсүнөн толук ажырадым, оң көзүмдөн үмүт бар.

Канча бир пайызга болсо да көрүп кетем деген үмүт менен жашап жаткан Элдияр Төлөнов баш-аягы 10го жакын операцияны башынан өткөргөн. Дарылануусуна мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөн.

- Чоң жана кичи операция болуп 10дун тегереги болду. Өзүм деле санынан адашып калдым. Анын барына мамлекет жардам көрсөттү. 1,5-2 млн сом компенсация да төлөндү. Ошонун эсебинен Москвага барып келгем. Ушул жылдын февраль айында пенсияга чыктым, 14228 сом алам. Алдыда дагы операциялар жасалат, ага каражатты табуу кандай болот билбейм.

Мекенине кызмат өтөөдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип калган аскер эч качан өкүнбөй турганын, келечекте балдарына, башкаларга мекенге кызмат кылууга үндөй турганын айтат.

Элдияр Төлөнов Ош облусунун Ноокат районундагы Борко айылынын тургуну. Ал Бишкектеги Аскер институтунда билим алып, өз каалоосу менен кызмат өтөйм деп Баткенге кеткен. Көк-Таш ротасында 1 жылдан ашык иштеп, командирдин орун басары болуп жүргөн.

Элдияр Төлөновго жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

ЭЛКАРТ 9417378501267312 (Төлөнов Элдияр)

ЭЛКАРТ 9417018981398738 (Адилахан Еркебаева, апасы)

О!Деньги 0500 169412

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14619