Кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттин айынан Ош - Баткен - Исфана жолу жабылды
RU

Кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттин айынан Ош - Баткен - Исфана жолу жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош - Баткен - Исфана автожолунун бир бөлүгү, Төрт-Көчө айылынын аймагындагы жол жабылды. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт себеп болду. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясы билдирди.

Белгилүү болгондой, учурда Баткен жана Согдий облустарынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ал ортодо Ак-Сай айылындагы "Головной" суу тосмосунун жанына чогулган жергиликтүү тургундар тараган жок. Бийлик берген баага ылайык, кырдаал туруктуу бирок чыңалуу бар.

Эске салсак, 28-апрелде, Тажикстандын Исфара районунда Ходжаи Аъло кыштагынын тургундары жана Кыргызстандын Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундарынын ортосунда тажик тарап "Головной" суу тосмосунун аймагындагы столбага көзөмөл жүргүзүу камераларын орноткондугу үчүн пикир келишпестик келип чыккан. Жергиликтүүлөр бири-бирин таш баранга алышкан.

Ошол эле учурда тажикстандыктар алардын айылы аркылуу өтүүчү жолдон кетип бараткан кыргыз унааларын таш менен чапкылашкан. КРдин жазык кодексинин "Бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Андан тышкары, бүгүн, 29-апрелде, аскер кызматкерлеринин ок атуусунун айынан Көк-Таш айылынын бир тургуну көзүнөн жаракат алды. Бул факт боюнча да "Кишинин өмүрүнө кол салуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Баткен обусунун үч айылы Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандекте өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү тургундар эвакуацияланууда. Ыкчам штаб түзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1462