Өздүк булак: Бишкекте кримтөбөл Камчыбек Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатат. Сүрөт
RU

Өздүк булак: Бишкекте кримтөбөл Камчыбек Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатат. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алдын ала маалыматтар боюнча, Камчыбек Асанбекти (Камчы Көлбаев) Бишкектин борборунда кармоо операциясы жүрүп жатат. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясы укук коргоо органдарындагы бир нече булактардан тастыкташты.

Кандай иш боюнча камакка алынып жатканы айтыла элек.

Мындан бир аз мурун "Учкун" ААК басмаканасынын аймагында (Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилиши) ок атышуулардын үнү угулуп жатканы маалымдалган. Ал жерде атайын техника, атайын күчтөр бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, УКМКнын борбордук аппараты жана "Альфа" атайын күчтөрү иштеп жатат.

Андан соң окуя болгон жерге тез жардам кызматы келгени белгилүү болду. Учурда үч тез жардам унаасы тартылганын өздүк булактар маалымдашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14647