Экинчи алтын! Акжол Махмудов да Азия оюндарында алтын байгеге ээ болду
RU

Экинчи алтын! Акжол Махмудов да Азия оюндарында алтын байгеге ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайда өтүп жаткан Азиядада грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов алтын байге алды. Бир аз убакыт мурун Жоламан Шаршенбеков да Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште алтын медаль тагынган. Бул тууралуу сынактын сайтында айтылат.

60 килограммга чейинки салмак ченинде финалга чыгуу жолунда Жоламан Шаршенбеков Тажикстан, Түштүк Корея жана Өзбекстандын өкүлдөрүн жеңип алды.

Алтын медаль үчүн болгон күрөштө ал япониялык спортчу Аята Сузукини 7:6. эсебинде жеңди.

Алдыда Раззак Бейшекеев менен Атабек Азисбеков коло медаль үчүн ат салышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14648