Камыбек Ташиев азырынча Баткен облусуна барбайт
RU

Камыбек Ташиев азырынча Баткен облусуна барбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин төрагасы, чек араларды делимитацилоо жана демаркациялоо комиссисынын башчысы Камчыбек Ташиев азырынча Баткен облусуна барбайт. Бул тууралуу Kaktus.media'га УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

"Ал жерде өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана укук коргоочу органдар бар. Эгер Ташиев бара турган болсо, биз бул тууралуу билдиребиз", - деп комитеттен айтышты.

Эске салсак, 28-апрелде, Тажикстандын Исфара районунда Ходжаи Аъло кыштагынын тургундары жана Кыргызстандын Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундарынын ортосунда тажик тарап "Головной" суу тосмосунун аймагындагы столбага көзөмөл жүргүзүу камераларын орноткондугу үчүн пикир келишпестик келип чыккан. Жергиликтүүлөр бири-бирин таш баранга алышкан. Эки тараптан тең жабыркагандар бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1464