"Башын кыя чабабыз!". Ташиев кримчөйрөгө кайрылды. Видео
RU

"Башын кыя чабабыз!". Ташиев кримчөйрөгө кайрылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 4-октябрда болуп өткөн окуя тууралуу комитеттин Токмоктогу имаратынын ачылышында Көлбаевди кармоо операциясы боюнча сөз сүйлөдү.

"Кечээки эле болуп өткөн окуяларды айтайын: кечээ мамлекеттеги, канча жолу мен өзүм УКМКнын башчысы катары эскерткенмин, канча жолу айттым "мыйзамды бузгандар баари бир мыйзам алдында жазаланат" деп. Ошого карабсатан кечээки эле болгон окуяда криминалитет башын көтөрүп, УКМКнын жүргүзүп жаткан атайын операцияларына каршы чыгып, ошол биздин кызматкерлерге ок атып, кол көтөргөндүгү боюнча өзүңүздөр маалыматты жакшы билесиздер.

Ошонун эсебинен бүгүнкү күндө мамлекетбизиде коомубузду ушул убакка чейин ар түрдүү маселелер менен кармап жүргөн мыйзамдагы ууру жок кылынды. Муну менен айтып коюшум керек: мындан ары да ушундай болот.

Мен ушул жерде расмий түрдө кечээки кримтөбөлүн тегерегиндеги аар бир адамга айтып коёюн!

Эгерде кимдир бирөө кайсыл бир маселе боюнча мыйзамды бузуу аракетин жасаса, кимдир бирөө мыйзамды бузу аракетинин негизинде аракет кылам дей турган болсо мыйзамдын чегинде жасасын алат. Алганда да катуу жазаланат", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14659