Ошто лифт кызматчысы каза болгон окуяныны чоо-жайы белгилүү болду
RU

Ошто лифт кызматчысы каза болгон окуяныны чоо-жайы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн лифт кызматчысы каза болду. Маалыматты Kaktus.media сайтына турак үйдүн жашоочулары билдиришти.

Кийинчерээк шаардык ички иштер башкармалыгынан окуя тууралуу кеңири маалымат беришти. Андагы маалыматка ылайык, лифт аварияга учурган.

Кырсык 4-октябрда катталган. Анда милициянын Сулайман-Тоо бөлүмүнө Курманжан Датка көчөсүнүн №370 дарегиндеги жаңы салынып бүткөн көп кабаттуу үйдүн лифти төмөн түшүп кеткени, ичинде бир адам калып калганы кабарланган.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ жер төлөгө түшүп кеткен лифттен болжол менен 35-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан.

Каза болгон киши 39 жаштагы Ж.Р. экендиги аныкталды. Ал 2 айдан бери жогорудагы турак үйдүн лифтин оңдоп иштеп жүргөн.

Учурда маркумдун өлүмүнүн себептерин тактоо максатында тийиштүү экспертизалар дайындалып, видео камералардагы жазуулар алынды. Тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Каза болгон адам тууралуу маалымат: Ош облусу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну. 1984-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы болчу. Курманжан Датка көчөсүндөгү №370 үйдү курган компания менен келишимдин негизинде лифт оңдоочу болуп иштеп жүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14662