Айпери Медет кызы Азия оюндарында алтын утту
RU

Айпери Медет кызы Азия оюндарында алтын утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында чемпион болду.

Балбан 76 килограмм салмак категориясында беттешке чыкты.1/8 финалда спортчу кытайлык балбан кызды 2:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда вьетнамдык атаандашын утуп, жарым финалга чыкты.

Жарым финалда Айпери Медет кызы Тайбейлик спортчуну 8:0 эсебинде жеңип, финалда казак балбаны Жамиля Бакбергенованы жеңип алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14665