Абайлаңыз, шылуундар! "Айыл Банк" эч кандай кызыктыруучу оюндарды өткөргөн жок
RU

Абайлаңыз, шылуундар! "Айыл Банк" эч кандай кызыктыруучу оюндарды өткөргөн жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Айыл Банк" ААКсы эч кандай ойнотууларды өткөрбөгөнүн маалымдап, кардарларын сак болуууга, мессенджер, SMS, e-mail аркылуу келген ишенимсиз шилтемелерге кирбөөгө чакырат.

Шылуундар банктын атынан акча каражаттары ойнотулуп жаткандыгы жана ал каражаттарды алуу үчүн банктык картанын маалыматын киргизүү зарыл экендиги тууралуу жалган маалыматтарды активдүү таркатууда.

Жарандардын финансылык коопсуздугу үчүн банк жеке маалыматтарды, анын ичинде:

  • картанын номерин
  • PIN кодду
  • картанын жарактуулук мөөнөтүн
  • CVV/CVC коддорун (коопсуздук коддору, картанын арткы бетинде кол коюу тилкесинде жазылган акыркы 3 цифра)
  • SMS тастыктоо коддорун (тексттик билдирүүлөрдө келген) камтыган маалыматтарды үчүнчү жактарга билдирбөөнү сунуштайт.

"Эгерде, сиз алдамчылык фактыларына туш болсоңуз же шылуундардын сиздин маалыматтарыңызга жетүүгө аракет кылып жаткандыгынан шектенсеңиз банктын байланыш борборуна кайрылууңузду суранабыз".

Байланыш үчүн номерлер: 5511 (чалуу акысыз), 0312 68-00-00.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14666