Камчыбек Ташиев кечээ чет өлкөгө дарыланууга учуп кеткен
RU

Камчыбек Ташиев кечээ чет өлкөгө дарыланууга учуп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК берген маалыматка ылайык, мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, кечээ, 28-апрелде чет өлкөгө дарыланууга учуп кеткен.

Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде белгилүү болду. Тиешелүү пресс-релиз саат 15:00до келди.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Ташиев азырынча Баткен облусуна барбайт, деп билдиришкен. Андан тышкары Ташиевдин парламенттин жыйынына катышуу маселеси каралып жатат, деп айтылган болчу.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын декабрь айынан бери Камчыбек Ташиев жүрөк оорусуна байланыштуу Бишкектеги ооруканалардн биринде дарыланып жаткан. 2021-жылдын февраль айында чет өлкөгө барып, жүрөгүнө операция жасаткан (айрым маалыматтар боюнча Германияга барган).

Эмне үчүн бул маанилүү

  • Эске салсак, 28-апрелде, Тажикстандын Исфара районунда Ходжаи Аъло кыштагынын тургундары жана Кыргызстандын Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундарынын ортосунда тажик тарап "Головной" суу тосмосунун аймагындагы столбага көзөмөл жүргүзүу камераларын орноткондугу үчүн пикир келишпестик келип чыккан. Жергиликтүүлөр бири-бирин таш баранга алышкан.
  • УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев чек араларды демаркация жана делимитация боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан болчу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1466