Жеке менчик мектептин директору жарандык никедеги аялына зомбулук көрсөткөнгө шектелүүдө
RU

Жеке менчик мектептин директору жарандык никедеги аялына зомбулук көрсөткөнгө шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 34 жаштагы келинди жарандык никедеги күйөөсү сабап, колуна үтүк басып кыйноого алган. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо жана сот органдарын, ошондой эле прокуратура органдарын жабырлануучунун укуктарын камсыздоого чакырды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, 34 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал 1985-жылы туулган Э.У. аттуу жарандык жолдошу тарабынан зомбулукка кабылганын айткан.

2023-жылы 14-сентябрда аны жарандык күйөөсү катуу сабагандан кийин колунун билектерин ысык үтүк менен басып күйгүзүп, андан кийин зордуктаган. Аялдын айтымында, мунун баары анын кичинекей кызы башка бөлмөдө отурган кезде, алардын батиринде болгон. Аял зордукчунун колунан араң кутулуп, ич кийими менен жылаңаяк көчөгө качып чыккан. Ал күзөтчүнүн күркөсүнө жашынып, кошуналарынан көмөк сураган. Коңшулары аны жумушка жеткиришип, ал жерден аялга зарыл болгон жардамды көрсөтүшкөн.

Ошол эле күнү аял милицияга кайрылган. Жабырлануучунун жактоочусунун айтымында, 15-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин тергөө кызматы тарабынан 154-берененин 1-бөлүмүнүн белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Келиндин жарандык күйөөсү 15-сентябрда кармалып, эртеси Октябрь райондук соту шектүүнү тергөө абагына эки айга камоо тууралуу баш коргоо чарасын кабыл алган. Бирок шектүүнүн жактоочусу райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга даттанган. Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды бүгүн, 6-октябрда карайт.

Жабырлануучу жарандык жолдошу эркиндикке чыкса, кайрадан кордук көрсөтөт деп кооптонууда

"Мен мурда өлүмдөн коркчу эмесмин, ал тургай бул тууралуу ойлочу да эмесмин. Мен азыр абдан коркуп калдым, кичине эле добуш болсо калтырап кетем. Башымдан өткөргөн азап-тозок кайра башталабы деп чочулайм. Күйөөм мурда эле уруп-сабап, зордуктап жүрчү. Бирок мен кимдир-бирөөгө айткандан кооптончумун, анткени ал "кызымды алып кетем, сен аны эч качан көрбөйсүң" деп коркутчу. Анан калса, мен укук коргоо органдарына кайрылсам деле баары бир жазадан кутулуп кетчүдөй сезилчү. Азыр дагы ошентип кооптонуп жатам. Мен өзүмдүн кызым үчүн корком", - дейт жабырлануучу.

Жактоочунун айтымында, келин көп жылдар бою жарандык жолдошунун зомбулугуна кабылып келген, бирок бул тууралуу жакындарына жана укук коргоо органдарына айткандан корккон, себеби жолдошу жакшы тааныштары аркылуу жазаланбай калат деп ойлогон. Материалга таянсак, аялдын жарандык жолдошу - American school жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Акыйкатчы тиешелүү органдарды жабырлануучунун укуктарын коргоону камсыз кылууга жана аялдын кайрадан зомбулукка кабылуусуна жол бербөөгө чакырат. Ошондой эле Бишкек ШИИББдин жетекчилигин, прокуратураны аталган ишти жеке көзөмөлгө алууга чакырат.

Акыйкатчы институту тарабынан жабырлануучунун психологиялык көмөк алуусуна жардам көрсөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14672