КМШнын саммитине байланыштуу Бишкекте электр самокаттарды ижарага алуу чектелет
RU

КМШнын саммитине байланыштуу Бишкекте электр самокаттарды ижарага алуу чектелет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КМШ мамлекеттеринин башчыларынын Бишкекте өтө турган саммитке байланыштуу электр самокаттарды ижарага алууга убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул маселени Биринчи Май районунун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов, N№12 МТА, электр самокаттарды ижарага берген "Arenda Service", Togo.kg, "Abrikos", e-motion, "Promo Express", Sunrent ээлери арасында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Буга ылайык, 12-октябрда саммиттин катышуучуларынын делегациялары жүрө турчу маршрут боюнча бир сутка бою электр самокаттарды ижарага алуу мүмкүн болбой калат.

Эске сала кетсек, 13-октябрда Бишкекте Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Катышуучулардын жана алардын делегацияларынын келиши бир күн мурун, 12-октябрда күтүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14675