УКМК: Криминалдардын жакындары чек арада ишкерлерден акча чогултканга шектелип кармалды
RU

УКМК: Криминалдардын жакындары чек арада ишкерлерден акча чогултканга шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек арадагы өткөрүү пунктунда жүк ташуучулардан акча чогултуп жүргөн жарандар аныкталды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, шектүү катары кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакын туугандары.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан 231-берене ("Экономикалык контрабанда") боюнча кылмыш иши тергелип, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрүү пунктунда жеке ишкерлерден акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган трансулуттук кылмыштуу топ аныкталды.

7-октябрда ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары М.О.Р. жана С.У.Т. (уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакын туугандары) кармалды.

Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар айрым жогорку кызматтагы адамдарды жана аткаминерлерди аныктоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын кошумчалашты коопсуздук комитеттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14686