Нурбек Изабеков: "Олимпиададан бир нече алтын алмайын кыздарды машыктыра берем"
RU

Нурбек Изабеков: "Олимпиададан бир нече алтын алмайын кыздарды машыктыра берем"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 9-октябрда Кытайда өткөн Азия оюндарынан Кыргызстандын атын коргогон спортчулар мекенине кайтышты. Аларды Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

Анда кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков дүйнө чемпионаты менен Азия оюндары удаа болуп калганы үчүн спортчулар физикалык да, моралдык жактан да чарчаганына карабай аябай жакшы көрсөткүч көрсөткөнүн сүйүнүч менен бөлүштү.

"Спортчулар аябай жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү. Себеби, тарыхта биринчи жолу 4 алтын медаль жеңип алдык. Кыз-келиндер күрөшү боюнча биз дагы бир тепкичке өйдө болдук. Индонезияда болгон Азия оюндарында бир алтын, эки коло медаль алсак, азыр үч кызыбыз барып, медалдардын комплектин алды. Мындайча айтканда: бир алтын, бир күмүш, бир коло.

Биздин спортчулар үчүн кыйын болду.

Азия оюндарынын алдында бир апта, 10 күн мурун Дүйнө чемпионаты өткөн. Анда жалпысынан төрт олимпиадага жолдомо утуп алганы, андан коп өтпөй эле экинчи чоң мелдеш - Азия оюндары болгону спортчуларга психологиялык жана моралдык жактан аябагандай оор болду. Биздин балбандар ошол кыйынчылыкка карабай ийгилик жарата алды", - деди балбан кыздардын башкы машыктыруучусу.

Ал Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында колун кокустатып алганына карабай, жарым финалга чыгып, бирок, даарыгерлер кийинки беттешке чыгууга уруксат бербегени үчүн күрөшүн уланта албай калганын түшүндүрүп берди. Изабеков, анын ордуна Нурзат Нуртаева барып, чоң күрөшкө аралаша баштаганын айтты.

"2024-жылы эки чоң мелдеши бар. Бул Азия континентинин Олимпиадага жолдомо үчүн мелдеш Кыргызстанда, Бишкекте өтөт. Андан кийинкиси дүйнөлүк эл аралык мелдеш. Ал Түркиянын Стамбул шаарында март, апрель же май айларында болот. Ошол эки мелдештин жыйынтыгы боюнча биздин 68 кг чейинки салмактагы кыздарыбыздын Олимпиадага жолдомо алуу мүмкүнчүлүктөрү бар", - деп сөзүн жыйынтыктады Нурбек Изабеков.

Башкы машыктыруучу өзү да чарчаганын айтып, бирок, кыздар Олимпиада оюндарынан бир канча алтын алмайынча машыктыруучулукту токтотпой турагынын баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14692