Жоламан Шаршенбеков: "Чоң ийгиликтер оңой жол менен келбейт экен". Балбандар менен маек
RU

Жоламан Шаршенбеков: "Чоң ийгиликтер оңой жол менен келбейт экен". Балбандар менен маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөш дүйнөсүндө кооз беттеш тартуулап келе жаткан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков азыркы ийгиликтери көп тажрыйба жана талбаган эмгектин аркасынан келип жатканын kaktus.kg редакциясына айтып берди. Ал дүйнөлүк чемпионат менен Азия оюндары чукул болуп калганы үчүн чарчаганын айтып, үйгө барып эле уктай турганын белгиледи. Эске салсак, бул чукул аралыкта Жоламан Шаршенбеков дүйнөнүн эки жолку, Азия оюндарынын да чемпиону болду.

Талбаган эмгек азыркы ийгиликке алып келди

Жоламан Шаршенбеков дүйнө биринчилигинен кийин эле Азия оюндары удаа болгон үчүн балбандардын баарына жеңил болбогонун айтты.

"Дүйнө чемпионатынан кийин бул беттештер оңой болгон жок. Чоң-чоң жеңиштер эч качан оңой келбейт. Биз жаңы эле келдик.

-Чарчадыңарбы?

-Курсагыбыз ачты (күлүп)

- Үйүңүзгө жеткенде эмне кыласыз?

-Уктайм (күлүп)

-Финалда корккон жоксузбу? Азыр далым тийип, түшө басылып, утулуп калам деп? Бул кандай, эмоционалдык даярдыктын күчтүүлүгүбү?

- Бул тажрыйба деп ойлойм. Эки жолу чоңдор арасындагы дүйнө биринчилигинде финалга чыккам. Жаштар арасында, U-23, дүйнөлүк мелдештерде көп жолу финалга чыккам. Эми, агайларыбыз менен баарыбыз чогуу иштеп, жолун таптым, кантип күрөшүштү билдим. Тажрыйба чогулду. Туура күрөшкөндү үйрөндүм десем болот. Эркин, кооз күрөшкөндү үйрөндүм.

Брюс Линин айткан сөзү бар го: "Миң ыкманы эмес, бир ыкманы миң жолу кайталаган адамдан корк" дегенчи. Ошондой эле, менин өзүмдүн негизги ыкмам бар. Ошол ыкманын үстүнөн мен кичинекей кезден бери азыркы күнгө чейин иштеп келем. Ошонун үзүрүн азыр көрүп жатабыз", - деди балбан Жоламан Шаршенбеков.

"Азия оюндарынан күмүш байге алганда чоң күрөшкө даяр болуп калганымды сездим"

Кытайда өткөн Азиядада кыз-келиндер күрөшүндө жаңы таанылып, ийгиликтерди жаратып келе жаткан Нурзат Нуртаева күмүш байгеге ээ болду. Ал Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазаровалар менен машыгып, чемпиондордун арасында жүрүп, күрөшкө болгон жоопкерчилик өскөнүн айтып берди.

"Мелдештер өзүңүздөр көргөндөй эле оор болду. Бир упай айырмачылык менен эле утуп кетип жаттым. Эки күрөш тең ошондой болду. Даярдык жакшы болгон. Мунун астында эле Дүйнө чемпионатына барып келгенбиз.

Чынын айтканда, былтыркы жылы өзүмдү физикалык жактан алсыз сезчүмүн. Быйыл, ушул мелдештен кийин чоң күрөшкө даяр экенмин деген натыйжага келдим. Айсулуу, Айпери, Мээрим эжелер менен жүрүп, өзүм дагы жоопкерчиликти сездим. "Сен дагы Кыргызстандын курама командасындасың", жалаң чемпиондордун арасында жүргөндө, алардын жанында татыктуу болоюн деп аракет кылат экенсиң. Ошол. Кудайыма шүгүр. Биринчи жолу Азия оюндарына бардым. Аябай жакты. Деңгээл такыр башка экен. Эми Азия оюндардында алтын медаль алганга аракетимди жумшайм", - деп сөзүн жыйынтыктады балбан кыз.

"Каталардын үстүнөн иштеп, Олимпиадага жолдомо алганга аракет кылам"

Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында кыргызстандык эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев коло байгеге ээ болгон. Ал kaktus.kg редакциясына маек берип, каталардын үстүнөн иштеп, Кыргызстандын желегин дүйнөлүк аренада көтөрүүгө болгон аракетин жумшай берээрин айтты.

"Албетте алтын алгым келген. Спортчулар ар дайым максималдуу натыйжаларга умтулушат. Бирок, болгону болду. Эми каталардын үстүнөн иштеш керек. Биз колубузда болгон нерсеге ыраазы болушубуз керек, кемчиликтердин үстүнөн иштешибиз зарыл.

Бардык спортчулар колунан келгенин кылышты. Бул спорт. Ал ушунусу менен сонун. Бирөөнүкү болот, экинчисиники болбойт. А кимдир бирөөнүкү ээ бир адамдар кийинки жолу ийгиликке жетишиши мүмкүн. Андыктан келечекте бул көрсөткүчтөр мындан да жакшы болуп, Кыргызстандын эли өз спортчулары менен сыймыктанат деп ишенем.

Ооба, алдыңкы пландарда, албетте, Олимпиада оюндары. Кийинки жылы лицензиялык турнирге даярданабыз. Бардык даярдыктар Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия алууга атайын багытталат. Ооба, бир жерде стратегиялык каталар бар, мындайча айтканда, контрчабуул аракеттери ж.б.у.с. Башкача айтканда, каталар дайыма болот. Карап көрсөң, жеңүүчүлөр да ката кетиришет. Ооба, биз биринчи орунду ала албасак, демек, бизде үстүнөн иштей турган нерсе бар. Ошондуктан, колдон келген аракетибизди жасайбыз", - деди спортчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14696