Кылмыштуу топко тиешеси бар делинген ишкер кармалды
RU

Кылмыштуу топко тиешеси бар делинген ишкер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн аныктоо жана кылмыштуу топко тиешеси бар адамдарды кармоо иштери уланууда. Анын алкагында ишкер Олег Подобедов кармалды.

Аталган жарандын үйүндө жана иш бөлмөсүндө ок атуучу куралдардын гильзалары, бычактар жана мамлекеттик маанидеги көп сандагы документтер (паспорт, диплом ж.б.) табылды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 1969-жылы туулган Подобедов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилди.

Учурда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деп кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14704