"Базарыңарды токтоткулачы!" деп айдоочу менен урушкан фейк инспектор кечирим сурады
RU

"Базарыңарды токтоткулачы!" деп айдоочу менен урушкан фейк инспектор кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкеринин формасын кийип, айдоочу менен айтышкан фейк инспектор табылды. Ал видео тууралуу түшүндүрмө берип, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен кечирим сурады.

Чүй ОИИБден Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, аталган жарандын өздүгү такталып, териштирүү учурунда видеодогу милиция кызматкеринин кийимин кийген жаран 19 жаштагы С.Н. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну экендиги аныкталды. Ал милиция кызматкеринин кийимин уруксатсыз кийип вайн тартканын билдирди.

Бул факты Чүйдүн Жайыл райондук милициясында катталып, териштирүү иштери башталды.

Буга чейин соцтармактарга жүргүнчү менен кайым айтышып, аны мушташка чакырган жарандын видеосу тараган. Ал милиция кызматкерлеринин катарында иштебей турганы маалымдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14711