Владимир Путин Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады. Сүрөт
RU

Владимир Путин Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн, 12-октябрда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Ал Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, Садыр Жапаров Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого жана Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жогорку сыйлыкка татыды.

Владимир Путин Кыргызстандын президентинин эки өлкө ортосундагы мамилелерди жандандыруудагы аракеттерине жогору баа берип, Садыр Жапаров мындан ары да Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу өз ара байланыштарды тереңдетүүгө көңүл бурарына бекем ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Владимир Путинге көрсөтүлгөн урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылыгын айтты. Мамлекет башчысы бул эки өлкө ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктарын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров мындан ары да эки тараптуу кызматташтыктын потенциалын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14715