"Ата дебегиле". Балдарына орунсуз сөздөрдү айткан кишинин ким экени такталды
RU

"Ата дебегиле". Балдарына орунсуз сөздөрдү айткан кишинин ким экени такталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга эркек кишинин кичинекей балдарга "мени ата дебегиле" деп, уят сөздөрдү айтып жаткан видеосу тарады. Бул видео боюнча милиция иш алып барып, балдарына орунсуз сөздөрдү айтканын кишинин аты-жөнүн тактады.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, видео апрель айында тартылган.

Видео боюнча Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу териштирүү жүргүзүп, келиндин жашаган жерине барып, тийиштүү иш кагаздары жыйналып, 12-октябрда тергөөгө чейинки текшерүү иши башталды.

Такталгандай, видеодогу жаран М.М. 1987-жылы Кара-Суу районунда туулган. Учурда ал Россиянын жараны, Москвада жашайт.

Аялы жолдошуна карата арыз менен кайрылып, анын арызы каттоого алынды. Аял өз арызында 2013-жылы М.М. менен үй-бүлө куруп, 2020-жылга чейин чогуу жашаганын, жолдошу бир нече жолу кол көтөргөнүн айткан. 2020-жылы экөө Россияда араздашып, келин эки баласы менен ошол жылы Кыргызстанга келе берген. Расмий түрдө ажырашуу боюнча аял сотко кайрылган. Сот отуруму боло элек. Ортодо 2017 жана 2019-жылдары туулган балдары бар.

Учурда аталган арыз боюнча ар тараптуу текшерүү иштери жүрүп жатат. ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте иш жүргүзүлөт. Бул окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн соң кошумча маалымат берилерин айтышты милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14716