Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4700 сомдон сатылууда. Даректер
RU

Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4700 сомдон сатылууда. Даректер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы көмүрдү арзан баада сатуу пункттарын уюштурду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, учурда Дэн Сяопин проспектиси, 306б дареги боюнча көмүрдүн тоннасы 4700 сомдон сатылууда. Кара алтын вагондор менен жеткирилет, бүгүнкү күндө 800 тонна бар, деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалар менен көмүрдү ушул эле баада төмөнкү даректерге жеткирүү күтүлүүдө.

  • Мурманск көчөөсү, 126;
  • Алыкулов көчөөсү, 6б;
  • Алма-Ата көчөөсү, айланма жол менен кесилишет;
  • Төмөнкү Ала-Арча, Курманалиев менен кесилишет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14722