Жалал-Абадда окуучу телефонун алдырганы үчүн мектептин 2-кабатынан секирип кеткен
RU

Жалал-Абадда окуучу телефонун алдырганы үчүн мектептин 2-кабатынан секирип кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 11 жаштагы окуучу мектептин 2-кабатынан секирип кетти. Бул маалыматты милициядан тастыкташты.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 10-октябрында болгон. Кыз ооруканага жеткирилип, буту сынган деген диагноз коюлган. Учурда ал реанимацияда, операция жасалат.

Кыздын апасы буга чейин шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү арыз менен кайрылган. Алдын ала маалымат боюнча, мындай аракетке мугалим кыздын смартфонун тартып алганы себеп болгон.

Бул факты электрондук журналга катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14729