Аксы районунун "смотрящийи" кармалды. Видео
RU

Аксы районунун "смотрящийи" кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча "смотрящийи" кармалды. Маалыматты УКМКдан кабарлашты.

Комитеттен билдиришкендей, "Пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш козголгон иши боюнча 11-октябрда М.А.К. кармалды. Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча "смотрящийи".

Кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөнү аныкталган. Анын жашаган жеринде каттоодон өтпөгөн ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылды.

Учурда кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. Анын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-иштери улантылууда.

Коопсуздук комитети пара талап кылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузгандар боюнча Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын нөөмөт кызматына телефон аркылуу кайрылууну өтүнөт: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14732