Бишкекте коомдук транспорттордо жол кире 20 сомго көтөрүлүшү мүмкүн
RU

Бишкекте коомдук транспорттордо жол кире 20 сомго көтөрүлүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору муниципалитеттин расмий сайтында жарыяланды.

Анда автобустарга, кичи автобустарга жана троллейбустарга (менчигинин түрүнө карабастан) бирдиктүү тарифти белгилөө сунушталууда.

1. Бир жүргүнчүнүн жол кире баасы:

  • троллейбуста 20 сом;
  • менчик түрүнө карабастан автобуста (өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) 20 сом;
  • менчик түрүнө карабастан чакан класстагы автобустарда – 20 сом.

2. Автобустарда, троллейбустарда 1 орундук жүктү ташуу үчүн төлөм:

  • 40 кг жогору же көлөмү 50х60х100 см 20 сом.

3. Бир айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук билет) баасы:

  • окуучулар үчүн 430 сом;
  • стандарттуу 1200 сом (бул суммага картаны чыгарууга кеткен чыгымдар да кошулат).

4. Бишкек шаарынын жарандарынын төмөнкү категорияларына муниципалдык транспортто акысыз жүрүү укугу белгиленсин:

  • жаш курагы боюнча пенсионерлерге;
  • жалпы оорулардын жана эмгектен жабыр тарткандардын I, II, III топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жактарына;
  • бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелгендерге.

"Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы жөн эле көтөрүлбөйт – алар күйүүчү майдын, энергиянын баасына көз каранды жана транспорт каражаттарынын эскиргени менен байланыштуу. Белгилей кетсек, бир нече жылдар бою шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун иши кирешелүү болбой келет. Муниципалдык транспорт ишканаларына бюджеттен бөлүнгөн каражаттар транспорттук ишканалардын жоготууларын толук жаба албайт, ал эми жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү жеке ташуучулар тарабынан ташуу такыр дотацияланбайт", - деп айтылат мэриянын түшүндүрмөсүндө.

Мэриядан тарифтин көтөрүлүшүнүн дагы бир себебин айдоочулардын айлыгынын аздыгы менен түшүндүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14739