"Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз". Садыр Жапаров кастыкты козутпоого чакырды
RU

"Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз". Садыр Жапаров кастыкты козутпоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстан менен чектеш аймактардагы кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады.

Ал жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого үндөдү.

"Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам.

Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз.

Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат.

Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам", - деп кайрылууда айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1473