Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Тажикстанда чек ара маселесин талкуулады
RU

Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Тажикстанда чек ара маселесин талкуулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Саймумин Ятимов баштаган эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары Тажикстанда жолугушту. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Делегация башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы калган тилкелер боюнча келишимди тараптар так аткарып жатканына канааттануусун билдиришкен.

Ошондой эле топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго чек арага байланыштуу бардык иштерди жандантуу жана болгон маселелерди чечүү тапшырылды.

"Делегация башчылары эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жараянын тездетүүдө 2-октябрда кол коюлган №44 протоколдун маансин белгилеп, анын шарттарын так аткарууга даярдыгын билдиришти", - деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда да кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан. Азырынча ал протоколдун мазуну ачыктала элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин айтышкан. Учурда эки өлкөнүн атайын топтору тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14740