УКМК: Көлбаевдин 500 миң долларлык асыл тукум жылкылары алынды
RU

УКМК: Көлбаевдин 500 миң долларлык асыл тукум жылкылары алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку кримтөбөл, маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) 500 миң АКШ долларынан ашык асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча мүлкү аныкталып, алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркум К.Асанбектин 500 миң АКШ долларынан ашык баалуу асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча мүлкү аныкталып, алынды.

"Баш кашка" англис породасы – баасы 150 миң АКШ доллары, "Командор" англис породасы - баасы 100 миң АКШ доллары, "Раушан" англис породасы - 100 миң АКШ доллары, "Дончак" донской англис породасы - 100 миң АКШ доллары, "Кундуз" таза кандуу англис – 50 миң АКШ доллары, "Байтал" таза кандуу англис – 50 миң АКШ доллары, "Острый" – 15 миң АКШ доллары, ошондой эле Р.Акматбаевдин туугандарынын сарайынан К.Асанбек тарабынан алынган аты жок асыл тукум бээ– баасы 5000 АКШ доллары", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин, 9-октябрда УКМК Көлбаевдин мыйзамсыз мүлкүнүн болжолдуу баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганын билдирген. Анда 850дөн ашык кыймылсыз мүлк тизмектелген. Ресторан, үй, жер тилкелерден тышкары ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу унаалар, зер буюмдар да бар.

Курулуп жаткан эки гана имаратта Камчы Асанбек 700дөн ашык батирге ээ болгон, алар мамлекетке өткөрүлөөрү айтылып, Россия, Казакстан, Грузия, Түркия, Дубай жана Японияда да мыйзамсыз мүлктөрүн издөө улантылаары белгиленген. Эске салсак, кримтөбөл Көлбаев 3-окябрда куралдуу каршылык көрсөткөндүгү үчүн өлтүрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14741