Ленин райондук сотунун судьясы пара менен кармалды
RU

Ленин райондук сотунун судьясы пара менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, сот кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн пара талап кылган.

Такталгандай, Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2000 доллар пара талап кылып, акчаны алып жатканда кармалды. Ошондой эле ортомчулар катары иш алып барган судьянын жардамчысы Ш.Ч.Т. жана судьянын жакын досу Т.М.Ш. да кармалды.

Ииликтөөнүн жүрүшүндө судья К.Н.Т. банктык которуулар аркылуу ушул сыяктуу опузалап талап кылуу жана ири өлчөмдөгү пара катары акча каражатын алуу боюнча бир катар фактылар аныкталды. Которулган акчаларды судьянын тууганы Т.Н.Н. жана анын эжеси К.А.Т. алып турган.

Тергөө иштеринин алкагында судьянын тууганы Т.Н.Н. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен СИЗО-1ге абагына камака алынды.

5-сентябрда Башкы прокуратура аталган судьяга карата 342 жана 343-беренелеринде (Опузалап пара талап кылуу жана алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча экинчи кылмыш иши козголгон.

16-октябрда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14744