"Жакшы эсимде жок". Үч адамдын өлүмүнө айыпталган УКМКнын мурдагы кызматкеринин көрсөтмөсү
RU

"Жакшы эсимде жок". Үч адамдын өлүмүнө айыпталган УКМКнын мурдагы кызматкеринин көрсөтмөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда эки баласы менен өлтүрүлгөн келиндин иши боюнча соттук отурум уланды. Айыпталуучу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын мурдагы кызматкери Чынтемир Аширалиев.

Айыпталуучунун айтымында, ал бардык жабырлануучуларды таанычу. Ал киши колдуу болгон аялды Алтынай эже деп, жакындарына көңүл айтты.

"Мен Алтынай эжени 2010-2011-жылдан бери билем. Мен ал убакта алардын банкынан насыя алгам. Анда ал Баткенден болом деген. Мен да ошол жактан болом. Ошентип экөөбүз сүйлөшүп калганбыз. 3-4 жылдан кийин биз жолугуп калдык. Ал Ысык-Көлдө кесиптештери менен эс алып жаткан. Алар менден көлдө убактылуу жашай турчу жайына жеткирип коюушумду суранышкан эле. Биз ошондо телефон номерлерибизди алмашканбыз. Ал кээде мага жардам сурап кайрылчу. Бизде достук мамиле болчу. Жаман мамиле жок эле, карыздык милдеттенмелери да болгон эмес", - деди Аширалиев.

Ал балдарды да тааный турганын, Алтынай дайыма алардын атасы жок экенин айтып жүргөнүн кошумчалады.

"Мен балдарга ата ордуна атадай элем, аларга колдон келишинче жардам берчүмүн. Укук коргоо органдары менен көйгөйлөр бар болчу, мен аларга эмне кылуу керектиги боюнча дайыма кеңеш берип турчумун", - дейт соттолуучу.

Ч. Аширалиев киши колдуу болгон Токтош Салим аттуу баланын атасы ким экенин билерин, аны маркум айтканын белгиледи.

"Алтынай эже тамашалап баланын атасы ким экенин айткан, бирок мен азыр анын атын айта албайм. Мен тергөөчүгө ДНК экспертизасын өткөрүүнү сурандым, алар жасатабыз дешти, бирок жеке тартипте. Экспертизанын баасы 800 доллар, мен төлөөгө даяр болчумун, бирок андан кийин мага аталыкты текшерүүдөн баш тартышты. Ошол эле учурда аталык боюнча соттук-медициналык экспертиза бар эле, бирок баары үстүртөн эле мени баланын атасы деп жазышыптыр. Мен Алтынай эжеге жана балдарга дээрлик бардык жагынан жардам бергем, алар мага экинчи үй-бүлөдөй эле. Мен балдарды башка мектепке котордум, окууга тапшырууга жардам бердим. Бала мага ата эмес, байке деп кайрылчу", - деди ал.

Айыптоочулар жасалган кылмыш жасоо ниети болгонун, ал пландалгандыгын көрсөтүп жатышат. Бирок соттолуучу эч кимди өлтүргүсү келбегенин, балдарды жакшы көргөнүн жана үй-бүлөгө "чын жүрөгүнөн" жардам бергенин айтат.

"Ошол күнү Алтынай эже кайсы бир милиционердин үстүнөн прокуратурага арыз жазып, менден кеңеш, жардам сураган. Мен Баткенге кетишим керек болчу. Ошондуктан ошол күнү жолугушууну чечтик. Саат 23:00 чамасында анын үйүнө барып, сыртка чыгуусун сурандым. Короодо жарым сааттай турдум. Айыптоо корутундусунда мени дароо үйгө кирген деп жазылган, бирок ал (маркум) мени үйгө кир деп чакырып, мага СМС-кат жазган", - деди Аширалиев.

Анын айтымында, ал батирге киргенде балдар жок болчу. Алар 5 мүнөт өткөндөн кийин кирип келишкен. Алтынай аларга кыйкырып, тез дааратканага тиштерин жууп келишин буйрук кылган.

"Кызы бир жерде суранып жаткан. Экөөбүз сүйлөшүп отурган ашканадан Алтынай бат-баттан чыгып жатты. Ал мас абалында болчу. Мага бир бөтөлкө винонун оозун ачып бер деп суранды. Бир убакта ызы-чуу чыкты. Мен ашканадан чыксам, ал Сайкалды чачынан кармап туруптур. Анан мен экөөнү бөлүштүрдүм. Ал бир канча жолу кайталанды. Андан кийинкиси, чынын айтсам эмне болгону эсимде жок. Бирөө бычак менен турду окшойт. Сайкал аны балдар үйүнө жиберем деп жатканын айтты. Сайкалдын колунда бычак бар болчу. Мен анын колунан бычакты алдым. Ал тургай Алтынай кыйкырып, Сайкалды сөгүп жиберди, баары түш сыяктуу, эсимде жок, болгону өлүктөр кайда жатканы гана эсимде", - деди соттолуучу.

Аширалиев унаанын сигнализациясы чыкканда эсине келгенин, ошодо ылдыйга түшүп, жерде жаткан Сайкалды көргөнүн кошумчалады.

"Эмне үчүн ылдый түшкөнүм эсимде жок, балким ага жардам берүүнү каалагам. Мен аны көтөрүп, батирге алып кирдим, домофон аркылуу бардык кошуналарды чакырдым, бирок эч ким жооп берген жок. Мен кире бериште 15 мүнөттөй турдум. Конкреттүү иш-аракеттерим, анан каякка барганым эсимде жок. Мен үйдө болсом керек, себеби эртеси таймашта костюмчан болчумун. Камера боюнча, аларды эмнеге сындырууга аракет кылганымды да билбейм. Балким, мен коркуп калсам керек же нес абалда болдум же уктап калдым, эсимде жок. Чыгып кетип калганым эсимде", - деди Аширалиев.

Андан соң жактоочу суроолорду бере баштады.

Жактоочу: - Ким өлтүрдү, түшүндүрүп бере аласызбы? Сиз аларды жакшы билесиз да, туурабы? Батирде эмне болушу мүмкүн?

Чынтемир Аширалиев: - Көптөгөн версиялар бар, бирок мен так айта албайм. Жаман сөз айткым келбейт, бирок Алтынай эженин көптөгөн көйгөйлөрү бар болчу. Ал балдарды катуу урушуп, сабап салчу. Жадакалса милиция келген. Ал каттоодо турат, Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билсе керек. Ал кызына бычак менен кол салып, эшикти талкалап кирип, кызын өлтүргүсү келген. Милиция чакырышып, кызы арыз жаздыбы же жокпу билбейм, бирок милиция келген. Ошондон кийин Алтынай эже мага милиция менен маселени чечүүгө жардам сурап кайрылган. Үй комитети да ал балдарды көп урарын айтып жатат, мен өзүм бир-эки жолу күбө болгом, балдарга катуу мамиле кылган.

Жактоочу: - Батирде үч өлүк - ким кимди жана кантип өлтүрдү? Сиздин оюңуз боюнча түшүндүрүп бере аласызбы?

Чынтемир Аширалиев: - Камакка алынгандан кийин мен тергөөчү Искендерге кайрылып, экспертизанын так аныктамасын, өлүмдүн так убактысын: ким биринчи өлдү, балабы, кызбы же өзүнбү, тактап берүүнү өтүндүм. Анан ошого таянып, билгим келди. Эгер бала биринчи өлгөн болсо, мен ал кылмышты кыла албайт болчумун. Милиция убакытты аныктоону убада кылган, бирок аткарбай, бардыгын жалпысынан көрсөтүштү. Бала биринчи өлтүрүлгөн болсо, анда баары башкача болот. Балким, мен ушундан улам же бычактан улам өзүмдү жоготкон чыгармын. Мен кантип урганым, кайда, кандай сокку урганым эсимде жок.

Жактоочу: - Болгон окуяны көрсөтүүгө катышып, далилдерди келтирип, ошол күндөгү окуяларды баяндап бердиңиз. Сиз эмне дей аласыз, сиз бардык көрсөтмөлөрүңүздү так бердиңиз да?

Чынтемир Аширалиев: - Мен расмий түрдө биринчи көрсөтмөмдөн баш тартам. Камалгандан кийин абалым начар болчу, ыкчам кызматкерлер кыйнаган, ошол күнү эртең менен арак ичкем, моралдык жана физикалык басым болду.

Милиция кызматкерлери мени эки-үч саат суракка алып, сабап, баштык кийгизип, эсимди жоготуп коюшту. Анан мени шантаж кылыштыбы же мен шантаж кылдымбы деген суроолорду беришти. Мен аларга айттым, эсимде жок, Аллах баарын көрүп турат, алар баштыкты кийгизип, эсимди жоготкончо улам сабап жатышты. Эртең менен Алтынай эженин туугандарынын атынан оперативдүү кызматкерлер келип, бардык күнөөнү өз мойнуңарга алгыла, болбосо аялымды 48 саатка камап саларын, балдарым, ата-энем да интернеттен көрүшөт деп айтышты. Алар интернетте эч кимге көрсөтпөйбүз деп убада беришкен, андан тышкары, ошол учурда мен өзүм да аларды өлтүрүп койгонума ишенчүмүн. Мага кызды көтөрүп жүргөн видеону көрсөтүштү. Эгерде мен аларды өлтүргүм келсе, анда мен унаам менен эмес, беткапчан, такси менен бармакмын, жок дегенде баш кийим (кепка) кийип алмакмын, бирок бул жерде андай болгон жок.

Жактоочу: - Сиз ага эмне үчүн бардыңыз?

Чынтемир Аширалиев: - Мен анын үстүнөн прокуратурага арыз жазган милиционер тууралуу сүйлөшүүгө келем деп убада бергем. Мен алардын ортосунда эмне болгонун билбейм. Ал ызы-чуу салып, кыйкырып жиберди, мен кетким келди, бирок ал мени токтотту, мурда өзүн жана балдарды өлтүрөм деп коркуткан. Мен ошол үчүн калдым.

Мен калпты аныктоочу тесттен өтүүнү кааладым, ал юридикалык жактан милдеттүү болбосо да, мен баарын түшүнгүм келди. Жактоочу сотко жана РИИБге арыз жазган, бирок баары баш тартышкан. Туугандары чындыкты билиши үчүн калпты детектордон өтүү керек болчу.

Жактоочу: - Сиз Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгонсуз. Шайлоо өнөктүгүнө акчаны кайдан алгансыз? Маркум сизге акча берген эмес беле?

Чынтемир Аширалиев: - 2021-жылы шайлоого катыштым. Бирок Алтынай эже мага акча да берген эмес, мунун баары болбогон кеп. Мен андан бир сом да алган эмесмин. Андан мурун эле көп унааларым бар болчу, жубайым да 2015-жылкы унааны айдап жүргөн. Эгерде ал банкка батирди күрөөгө коюп, насыя алган болсо, анда муну мөөнөттөрү жана убактысы боюнча оңой эле текшерсе болот.

Жактоочу: - Сиздин көз алдыңызда маркум турак жай сатып алганбы?

Чынтемир Аширалиев: - Ооба, ал акыркы батирди сатып алган. Ал сулуулук салонунда техник болуп иштеген.

Жактоочу: - Алтынай Канзаманова сизден каражат алганбы?

Чынтемир Аширалиев: - Ооба, ал менден акча алган. Биринчи жолу Айзада эже сиңдиси менен келип, тезинен бир жумага 12 миң доллар сурашты. 7-8 миң долларым бар болчу, досторумдан карызга алып, ага бердим. Анын сиңдиси тил кат жазып берген. Кийин ал акчаны кайтарган жок окшойт, ал бир-эки күн убактылуу кармоочу жайга камалып, анан бошотулду. Ал тургай бул боюнча мага кайрылып, милиция менен маселени чечүүгө жардам сураган. Ал батир алам деп жатканда мен ага 15 миң доллар бергем. Бул 2018-2020-жылдары болгон. Жалпысынан ал мага 30 миң доллардай карыз болчу.

Жактоочу: - Сиз айыптоо акты тууралуу эмне айта аласыз?

Чынтемир Аширалиев: - Айыптоодо жомок жазылган. Ал жерде мени профессионал эместигиме айыптап жатышат. Эгер мен өлтүрүүнү кааласам, эч ким билбей калмак. Алар менин кесипкөйлүгүмө шек келтиришип жатышат. Мен жөн гана жардам бергени баргам. Андан кийин ал жерде эмне болгонун билбейм. Эч кандай арам ниет болгон эмес, жөн эле сүйлөшүп, жардам берейин дегем.

Жактоочу: - Окуяны кайра кайталап көргөзүү процессинде баарын майда-чүйдөсүнө чейин көрсөттүңүзбү?

Чынтемир Аширалиев: - Жансыз денелер кайда жатканы болжол менен эсимде. Күч түзүмдөрү эмнени үйрөтүшсө, мен ошону айттым. Алар мага, мына, ушинтип өлтүрүптүрсүң деп видеону көрсөтүштү. Улам сайын уруп-сабап, эсимди жоготкондо: мойнуңа алсаң туура болот, үй-бүлөңдү, балдарыңды элге көрсөтөбүз, аялыңды 48 саатка камап салабыз деп коркутушту.

Окуяны кайра кайталап көрсөтүү процессинде алар мени менен сүйлөшүү учурунда камераны өчүрүп, эмне болгонун жана кандай болгонун үйрөтүп, айттырышкан. Мен өзүм өлтүргөм го деп милиция кызматкерлеринин айткандарына ишенип жаткам. Алар мага терезеден кызды ыргытып жиберген видеону көрсөтүштү. Баланы кантип муунтууну да көрсөтүшкөн.

Мен тергөөчүгө бул эркектин колубу же аялдын колубу, ким, кандай муунтканын аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүүнү сурандым. Кыйноодон кийин мага спирт ичимдиктерин берип, анан экспертизага алып барышты. Ал күнү мен сергек болчумун, алкоголдук ичимдиктерди такыр ичкен эмесмин.

Жактоочу: - Сизге кандай кыйноолорду көргөзүштү? Кыйноонун кесепети кандай болду? Арыз жаздыңызбы?

Чынтемир Аширалиев: - Мени кармап алышпаганда, балким, өзүм милицияга бармакмын. Мен кармалганда каршылык көрсөткөн жокмун, бирок камалаарым менен эле мени сабап, кысым көрсөтө башташты. Алар мени киши өлтүргүч деп ойлоп сабашкан. А мен да аларды түшүнөм, бирок мен өлтүргөн жокмун, өлтүрө албайм деп таң атканча айттым. Мен эч жерге арыз жазган эмесмин, өзүм кызматкермин, алардын да үй-бүлөлөрү бар, аларды түшүнөм. Балдарымды, аялымды, ата-энемди айтып, кире бериштеги видеону көрсөтүшкөндө, мен аларды өлтүргөм деп ишендим. Бүгүн мен өлтүрбөгөнүмө ишенем. Мен тынчтандыруучу дары ичип жатам, күн сайын машыгам, ошол түнү болгон окуяны эстегим келет, бирок азырынча майнап чыкпай жатат, аракет кылып жатам.

Жактоочу: - Сиз кандай ойлойсуз? Сиз кызды өлтүрдүңүзбү?

Чынтемир Аширалиев: - Мен өлтүрө алмак эмесмин. Балким, менде коргонуу аракети болду. Ал эжеден же балдардан коргондумбу, билбейм. Так айта албайм. Балдарды өлтүрө алмак эмесин, анан калса кичинекей баланын өмүрүн кыя алмак эмесмин.

Жактоочу: - Сиз кайсыл бөлүк боюнча өзүңүздү күнөөлүүмүн деп ойлойсуз? Моюнуңузга аласызбы?

Чынтемир Аширалиев: - Болгону жашынганыма, качып кеткениме, коргобогонума, бөлүштүрбөгөнүмө.

Жактоочу: - Алтынай Канзаманованы ким өлтүрдү? Ал кандай өлтүрүлгөн?

Чынтемир Аширалиев: - Балким Сайкал, балким мен. Эсимде жок, бул бычакты ар биринен көргөм, бычакты Сайкалдын колунан өзүн өлтүргүсү келгенде тартып алгам, бычакты Алтынайдан да көргөм, ал кол салды, батирде ызы-чуу болду.

Жактоочу: - Бала кандай жагдайда каза болду?

Чынтемир Аширалиев: - Мен баланын өлгөн сөөгүн гана көрдүм, анын бөлмөсүнө киргенде үстүн жаап, оюнчукту жанына коюп койгом.

Алтынай менен жыныстык катнашта болгон эмесмин. Мен ага жана балдарга өкүл ата катары жардам бердим, биз жердеш болчубуз, болду. Менин жубайым эжеке менен достук мамилебизди билчү эмес, мен ага эч нерсе айткан эмесмин. Айлыгым жүз миң сомдун тегерегинде болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14750