Кызы, баласы менен өлтүрүлгөн келиндин апасы: Соттор чечкиндүү болбой жатат
RU

Кызы, баласы менен өлтүрүлгөн келиндин апасы: Соттор чечкиндүү болбой жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин 5-кичи районунда кызы, уулу менен кошо өлтүрүлгөн Алтынай Канзаманованын апасы Жогорку Кеңештин депутаттарга кайрылды. Жабырлануучу тарап бүгүн, 18-октябрда айым депутаттардын форумуна катышып, арыз-муңун айтты.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, маркумдун апасы 82 жаштагы Уру Дюшебаева соттук отурум 9 айдан бери созулуп, чечим чыкпай жатканына нааразы болду.

"Бул каргашалуу окуя 16-февралда болгон, тогузунчу ай кетип жатат. Улам сот процесси ар түрдүү шылтоолор менен созулуп келе жатат. Соттор чечкиндүү болбой жатышат. Кечээги сотто айыпталуучу өзүн куткарыш үчүн башкача айтып жатканы бизди кайра кыжаалат кылды. Бизге жардам берүүңүздөрдү суранам", - деди Уру Дюшебаева.

Белгилей кетсек, 16-октябрда резонанстуу окуя боюнча Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунда отурум болуп, анда үч адамдын өлүмүнө айыпталып жаткан Чынтемир Аширалиев мурунку берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, аялды жана анын эки баласын өлтүрбөгөнүн айтты.

Айым депутаттар форумунун төрайымы Миргүл Темирбаева Жогорку Кеңештен кайрылуу жасап, сот процессин көзөмөл кылууга мыйзам чегинде көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Нилуфар Алимжанова маселе боюнча Акыйкатчы институтуна кайрылуу жолдоо сунушун айтты. Ал эми эл өкүлү Шарапаткан Мажитова Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жана гендердик тендик боюнча кеңештин 19-октябрда өтө турган жыйынына тийиштүү органдардын өкүлдөрүн чакырып, аталган маселени кароо сунушун берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14757