Glovo эми Жалал-Абадга да келди
RU

Glovo эми Жалал-Абадга да келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Glovo компаниясы Кыргызстандагы шаарларды ыңгайлуу кылууга умтулуп жатат. Эми жеткирүү кызматынын артыкчылыктарын Жалал-Абад шаарынын тургундары да колдоно алышат.

Glovo платформасы биздин өлкөдө ишин 2020-жылы баштаган жана азыр төрт шаарда: Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда жана Караколдо бар. Жалал-Абадда Glovo аркылуу буйрутманы жумасына жети күн бою саат 10:00дөн 23:00гө чейин берүүгө болот.

Жалал-Абад мэриясы менен Glovo"нун ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Мэр Эрнисбек Ормоков жергиликтүү бийлик электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө жана колдоого даяр экенин белгилеп, компанияга мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

"Кыргызстанда миңден ашуун өнөктөштөр ай сайын биздин платформада өз товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн жигердүү сатып жатышат. Биз Жалал-Абадды шаардыктар үчүн ыңгайлуу кылууга салым кошуп жатканыбызга кубанычтабыз", - деп билдирди Glovo"нун Кыргызстандагы башкы менеджери Айканыш Сапаралиева.

Салтка айланып калгандай, Жалал-Абадда катталган жаңы колдонуучулар үчүн биринчи жеткирүү акысыз болот. Мындан тышкары шаарда ишибизди баштаганыбыздын урматына 300 сомдон жогору болгон бардык буйрутмаларга 150 сомдук азык-түлүк балансынын промокодун беребиз. Ал эми бул шаарда Glovo"нун өнөктөшү болуп, чогуу өнүгүп, товарыңызды көбүрөөк сатуу ниетиңиз бар болсо, анда жаңы өнөктөштөр үчүн өтүнмөнү жиберишиңиз керек.

Жалал-Абад шаарындагы жигердүү өнөктөштөр колдонуучулар үчүн пайдалуу промо сунуштарды бере баштады. Мисалы, октябрдын аягынан ноябрдын башына чейин тиркеме аркылуу шаардын 20дан ашык тамак-аш жайынан буйрутма берип, 20 пайыздык арзандатууну колдоно аласыз.

Эскерте кетсек, Glovo мобилдик тиркемеси аркылуу буйрутма берсеңиз, чабармандарыбыз шаардагы ресторандардан даяр тамак-ашты, супермаркеттерден азык-түлүктөрдү, ден соолук жана сулуулук дүкөндөрүнөн товарларды, дарыканалардан дары-дармектерди 30-35 мүнөткө жетпеген убакыт ичинде жеткирип беришет. Буйрутма берүү үчүн колдонуучулар тиркеменин башкы экранындагы жети бабблды колдоно алышат – "Тамак-аш", "Супермаркеттер", "Ден соолук жана сулуулук", "Соопчулук", "Дүкөндөр жана белектер", "Каалаган нерсе" жана "Ыкчам чабарман".

Акыркы баббл менен колдонуучу Glovo"нун чабарманы аркылуу шаардагы сервис жеткен чекте каалаган буюмду башка бирөөгө жибере алышат. Ал эми "Каалаган нерсе" деген баббл тиркемеде болбогон, бирок сизге керек болуп жаткан товардын сүрөтүн кошууга же текст түрүндө жазууга мүмкүндүк берет – чабарман аны сатып алып, бир саатка жетпеген убакытта сизге жеткирип берет. Заказдын көлөмү чабармандык фирмалык рюкзагынын өлчөмүнөн ашпай, салмагы 9 килограммдан көп болбошу керек.

Glovo сервисин колдонуу өтө жеңил – App Store же Google Play"ден тиркемесин жүктөп алып, аккаунтуңузду ачыңыз. Glovo"ну 18ге толгон адамдар гана колдоно алышат. Буйрутма берип жатканда геолокацияңызды текшерип алып, кайсы ыкма менен төлөй турганыңызды көрсөтүңүз.

Маалымат үчүн: Glovo – бул колдонуучуларды жергиликтүү ресторандардын, супермаркеттердин, дарыканалардын жана чекене дүкөндөрдүн кызматтарын көрсөткөн ишканалар жана чабармандар менен бириктирген новатордук тиркеме.

Ар бир адам өз шаарындагы бардык нерсеге оңой жетип, каалаган нерсесин, каалаган жерге алдыртып алышы үчүн шарт түзүп берүү Glovo"нун максаты болуп саналат. 2015-жылы Барселонада негизделген бул компания Түштүк жана Чыгыш Европанын, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын 25 өлкөсүндө иш алып барууда. Кошумча маалымат алуу үчүн биздин сайтка баш багыңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14763