ИИМ: Учурда абал туруктуу милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө
RU

ИИМ: Учурда абал туруктуу милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунда ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков абалды турукташтуруу боюнча иш-чараларын толугу менен координациялап, коомдук тартипти сактоо багытында иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү колго алууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБсинин басма сөз кызматы маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, 30-апрелге карата Баткен районундагы кырдаал турукташып ок атуулар токтотулган. Баткен районунун Аксай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режими киргизилген. Ал эми Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Эски -Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундары коопсуз жайларга милиция кызматкерлери тарабынан эвакуациаланган.

Азыркы күндө чек арага чектеш аймактарда абал толугу менен көзөмөлдөөдө. Милиция кызматкерлери тарабынан блок-посттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Абал туруктуу. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоодо облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлердин аскер кызматчылары жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук тартипти күчөтүлгөн тартипте камсыздап жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1476