Журналист Сайпидин Султаналиевди сүзүп кетти деген айдоочу кармалды
RU

Журналист Сайпидин Султаналиевди сүзүп кетти деген айдоочу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Арча Медиа" телеканалынын журналисти Сайпидин Султаналиевди унаасы менен сүзүп кетти деген жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашат.

Белгилесек, жол кырсыгы 17-октябрда саат 17:30 чамасында Бишкектин Садырбаев көчөсүндө болгон. Анда журналист мопед менен бара жатканда аны капталынан оозуп бара жаткан унаа жөөлөп кеткен. Натыйжада мопед оодарылып, журналист кулап түшкөн.

Айдоочу окуя болгон жерден качып, Сайпидин Султаналиев кырсыктан оор жаракат алып, ооруканага түшкөн.

Бул факты боюнча териштирүү иштеринин жүрүшүндө 19 жаштагы Н.Э. аттуу айдоочу кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14771