Берлиндеги "Бала Манасчы" айкели расмий ачылды. Айкелдин өзгөчөлүгү
RU

Берлиндеги "Бала Манасчы" айкели расмий ачылды. Айкелдин өзгөчөлүгү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда Германия Федеративдүү Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын элчилигинин аймагында орнотулган "Бала Манасчы" айкели менен таанышкан. Аталган айкелдин расмий ачылышы 22-октябрда болгонун "Манас" театрынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Франциядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз, Жогорку Кеңешинин депутаттары Эмил Токтошев, Мирлан Самыйкожо, коомдук ишмер, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, журналист, эпосту кара сөз менен айтып жаткан Шайырбек Абдырахман уулу, Эмгек сиңирген артист Рысбай Исаков, улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу жана Европанын туш тарабынан келген боордоштор катышты.

  • "Бала Манасчы" кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Андагы 10-12 жаштагы баланын жаш курагы кыргыз элинин жаштыгын, эртеңин жана рухун билдирет.
  • Айкелде QR-код тактасы бар. Башкача айтканда, ар бир каалоочу атайын программанын жардамында айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле "Манас" эпосунан үзүндү уга алат.
  • Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин демилгеси менен айкелди элибиздин сыймыктуу кызы Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын "Достук" орденинин ээси белгилүү бедизчи Тамила Маматова жасаган.
  • Айкел демөөрчүлөрдүн салымы менен орнотулган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14782