Бишкекте ири өлчөмдө пара алганга шектелген райондук судья үй камагына чыкты
RU

Бишкекте ири өлчөмдө пара алганга шектелген райондук судья үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча пландык иштердин алкагында 21-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы ири өлчөмдө пара алган деп кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Коопсуздук комитеттин маалыматы боюнча, Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. 27-сентябрда камакка алынган. Ал ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек баланы эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен опузалап акча талап кылганга шектелип жаткан.

Бул факты боюнча тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. жашы жете элек баланын жакын тууганынан адвокаттын ортомчулугу, ошондой эле жардамчысынын жана катчысынын жардамы аркылуу эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаны берүү үчүн пара алганы аныкталды.

Кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардан акча каражаттарын алуу боюнча белгиленген коррупциялык схеманын далилдөө базасын бекемдөө максатында бир катар ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 20-октябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А., ошондой эле жактоочу Ы.К.М. камакка алынды.

Учурда сот тутумунун арасында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, 23-октябрда соттун чечими менен Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов үй камагына чыгарылган. Ал тергөө кызматташуу келишимин түзгөн жана жакынкы аралыкта сот деген макамынан ажыратылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14784