Меймандарды тоскон бийкечтерди кол чатыр менен коргоп турган мырзалар алкоого алынды
RU

Меймандарды тоскон бийкечтерди кол чатыр менен коргоп турган мырзалар алкоого алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 23-октябрда Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Аны "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Салтка айлангандай эле тосуп алуу иш-чарасында кыздардын бири гүл, экинчиси нан, борсок кармап турушту.

Чет өлкөлүк мейман келген учурда жамгыр жаап тургандыктан мырзалар кыздарды кол чатыр менен коргоп турушту. Бул сүрөт интернет колдонуучулардын назарына дароо түшүп, жакшы пикирлер айтылууда.

Белгилесек, Монголиянын премьер-министри иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларга, ошондой эле 26-октябрда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14791