Жалал-Абадда турак үйдүн короолорун сел каптады
RU

Жалал-Абадда турак үйдүн короолорун сел каптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 23-октябрда саат 21:10 чамасында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Сузак райоунун Боз-Чычкан айылынан өткөн Ачы-Сай каналынан суу ашып, турак жайлардын короосун суу каптады.

ӨКМдан билдиришкендей, сел суулары 1 социалдык объекттин жана болжол менен 22 турак жайдын короолорун каптаганы аныкталган.

Бүгүн, 24-октябрда таңга жуук жээрине облустук жарандык коргоону башчысы, ӨКМнын Жалал-Абад облсу боюнча башкармалыгынын башчысы, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдо департаменти менен биргеликте сел өткөн аймактарды жеринен көрүп, ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча тапшырмаларды койду.

Учурда сел суулапрын тазалоо иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14793