Жалал-Абадда жаңжал чыгып, шектүүнүн жакындары УКМК кызматкерлерине залал келтиришкен
RU

Жалал-Абадда жаңжал чыгып, шектүүнүн жакындары УКМК кызматкерлерине залал келтиришкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда улуттар аралык жаңжалды жараткандарды кармоо учурунда коопсуздук кызматкерлерине залал келтирилген. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, 23-октябрда Сузак районундагы "Бек-Абад" өткөрмө пунктунун жанында мыйзамсыз акча алмаштыруу менен алектенген адамдардын ортосунда массалык мушташ болгон. Конфликтте улуттар аралык мүнөздөгү белгилер болгон. Жерине УКМКнын кызматкерлери барып окуяны видеого тартып алышкан. Жаңжалдын айрым катышуучулары агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, чагымчыл аракеттерге барып, чек арачыларды коркутуп-үркүтүшкөн.

УКМКнын Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгы улуттар аралык чыр-чатактын чыгышына жол бербөө жана уюштуруучулардын кылмыштуу аракеттерин документтештирүү максатында аларды тергөө органына камсыз кылуу чараларын көрүшкөн.

Бирок 1971-жылы туулган И.Д.Э. тергөө органына баруудан баш тарткан. 24-октябрда аны тергөөгө алып келүү учурунда үй-бүлө мүчөлөрү активдүү каршылык көрсөтүшүп, УКМКнын кызматкерлеринин денесине залал келтиришип, шектүүнү алып кетүүгө аракет кылышып, кызматтык унааларга таш ыргытышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү" боюнча И.Д.Э. жана И.Э.Д. аттуу жарандар УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК мүмкүн болгон улуттар аралык чыр-чатактын уюштуруучуларына жана активдүү катышуучуларына мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14801