Тажикстанда этникалык кыргызга кылмыш иши козголуп, Россиядан кармалган. Ал бошотулду
RU

Тажикстанда этникалык кыргызга кылмыш иши козголуп, Россиядан кармалган. Ал бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган этникалык кыргыз Россиядан кармалган. Аны Тажикстанга өткөрүп бербөө өтүнүчү менен этникалык кыргыздардын коомчулугунун өкүлдөрү Акыйкатчы институтуна кайрылган.

Институттун маалыматына ылайык, Кыргызстандын жараны И.А. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек арачылары тарабынан кармалып, Алтай крайынын Рубцов транспорттук прокуратурасына өткөрүлгөн. Рубцов райондук сотунун чечими менен Алтай крайындагы тергөө изоляторуна 40 күнгө камакка алынган.

Бул факты боюнча Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаевага этникалык кыргыздардын коомчулугунун өкүлдөрү И.А.нын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылышкан. Акыйкатчы ишти өзгөчө көзөмөлүнө алып, Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына мекендештин укуктарын сактоону камсыз кылып, Россиядан Тажикстанга экстрадициялоого жол бербөөгө көмөк көрсөтүүгө чакырыгы менен кайрылган.

Кыргызстандык жаран тууралуу

Өлкөнүн мамлекеттик органдарынын маалыматына караганда, И.А. этникалык кыргыз, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу округуна караштуу Мургаб айылында туулган.

2013-жылы Тажикстандан Кыргызстанга келүүгө аргасыз болгон. Андан соң этникалык кыргыз катары КРнын жарандыгын алган. Ошондон бери ал Кыргызстанда жашап жүргөн, 2023-жылы өлкөнүн чегинен тышкары иштеп келүүнү максат кылып Россияга чыккан. Бирок Россиянын чек арасынан өтүп жаткан учурда кармалган.

Ага козголгон кылмыш иши

Иштин материалдарына караганда, 2013-жылы Тажикстанда И.А.га карата "Аскер бөлүгүн жана кызмат ордун өз алдынча таштап кетүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүндө келишимдин негизинде кызмат өтөгөн.

Мекендештин укугун камсыздоо

Акыйкатчы институту менен Тышкы иштер министрлигинин биргелешкен ыкчам аракетинин жыйынтыгында, ошондой эле Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугунун активдүү катышуусу менен Кыргызстандын жаранынын укуктарын коргоого мүмкүн болду.

Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан КРнын жаранын Тажикстанга экстрадиция кылуудан баш тартуу жана бошотуу үчүн бардык далилдер берилип, Рубцов транспорттук прокуратурасы И.А.ны коргоо боюнча баардык жүйөөлөрдү кабыл алды жана РФнын мыйзамдарына ылайык аны кылмыш жоокерчилигине тартуу үчүн кармоо мөөнөтү 2019-жылдын 6-августунда аяктаганы тууралуу токтом чыгарды. Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы аны бошотуу чечимин кабыл алды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14803