Кыргызстан көмүр кендерин чогуу иштетүү боюнча Кытайдын компаниялары менен келишим түздү
RU

Кыргызстан көмүр кендерин чогуу иштетүү боюнча Кытайдын компаниялары менен келишим түздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Кытай мамлекети көмүр кендерин биргелешип иштетүү боюнча келишимдерди түздү. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, 25-октябрда "Кыргызкөмүр" мекемеси менен Кытайдын көмүр тармагындагы компаниялары бир катар документтерге кол койду.

Министрликтен төмөнкү көмүр кендери кытайлык компания менен биргеликте иштетилерин билдирет:

  • "Тегене" көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен "Горная инженерия Лун" ЖЧК -(Hebei Jinsheng MINING ENGINEERING Co Ltd бул КЭРдеги компания) компаниясы биргелешип көмүр казууга келишим түзүштү. Бул келишимдин негизги максаты – "Тегене" көмүр кенин биргелешип иштетип, энергетикалык коопсуздукту жөнгө салуу. "Тегене" көмүр кени Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анын баланстык запасында 47 млн тонна таш көмүр бар. Аны казып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биргелешкен иш-чаралар аймактын экономикалык өсүшүнө абдан жагымдуу таасирин тийгизет. Бул тоо-кен тармагында гана эмес, кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

  • "Торугарт" көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча "Кыргызкөмүр" менен "Дунг Сын эл аралык энергетикалык-соода компания" ЖЧКсы (Shunbaufu Trade and export Trade Corporation КЭРдеги компания) биргелешип көмүр кенин чалгындогоо келишим түздү.Көмүр кени чек ара зонасында жайгашкандыктан көмүрдү Кытайга экспорттоо үчүн келечектүү багыт болуп саналат. "Торугарт" көмүр кенин ишетүүнүн максаты - көмүр кен мурда толук кандуу изилденбегендиктен, жаңы көмүр участокторун аныктоо, жаңыча заманбап геологиялык чалгындоо ыкмаларын, техникаларын колдонуу менен көмүрдүн запасын толук кандуу аныктап, көлүмдүү көмүрдүү казуу болуп саналат. Кыргызстандын түндүк аймагынан Кытайга көмүр экспортун тартипке салып, кытай керектөөчүлөрүнүн талаптарына ылайык көмүр продукциясын өзүнчө фракцияларга кайра бөлүп, ошондой эле ички рынокто кесек көмүрдү жергиликтүү калкка жеткиликтүү туруктуу баада сатууга мүмкүндүк берет.

  • "Сүлүктү талаа – 11" көмүр кенин иштетүү боюнча "Кыргызкөмүр" мекемеси менен "Томирис-Кен" ЖЧКсынын ортосунда келишимге кол коюлду. Убагында борбордук Азиянын качегары деп аталган бул кен 114 миллион тонна көмүр запасына ээ. Көмүрдүн сапаттык мүнөздөмөлөрү таасирдүү, алыскы жана жакынкы коңшу мамлекеттерде абдан популярдуу болуп саналат, мында эң жогорку күйүү жылуулугу 7400 килокалорияны түзөт. Кенди иштетүү менен алыскы Баткен облусунун шахт1рлор шаарчасы деп аталган Сүлүктү шаарынын кайрадан жаңылануу деми болуп, көптөгөн жумушчу орундар түзүлүп, региондун социалдык-экономикалык абалын кыйла алдыга сүйрөй турган долбоор болот.

  • "Эркештам" кыргыз-кытай автомобиль чек арасына ленталык конвейери менен көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу боюнча "Кыргызкөмүр" менен "Синьцзяндагы Дачэнлунюань энергетикалык" (Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., LTD) компаниясынын ортосунда келишим түзүлдү. Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын узак мөөнөттүү өнөктөштүктү жана көмүрдүн дүң экспортуна кирүүнү, ошондой эле кошумча чыгымдарды азайтуу, экологиялык зыяндын тобокелдиктерин жоюу, көмүрдү ташуудагы тыгындарды азайтуу менен адам факторун толугу менен жокко чыгарып, көмүрдүн күнү-түнү жылдырууну камсыз кылат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14810